БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Өткөн суткада 40 киши коронавирус жугузуп, 42 бейтап сакайып кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Жугузгандар:
Бишкек шаары – 21;
Чүй облусу – 5;
Ош облусу – 3;
Талас облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 7.
Тилекке каршы, оорудан эки киши каза болду, экөө тең Бишкек шаарынын тургундары эле. Ушуну менен вирустан көз жумгандардын саны өлкө боюнча 2 781 болду.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 184 163кө жетти. Анын ичинен 179 247 адам дартты жеңген.
Азыркы тапта өлкө боюнча 651 бейтаптын коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Алардын 294ү ооруканада болсо, 357 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.