Радио

Маджинов: эркин күрөштүн деңгээли көтөрүлдү

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов дүйнөлүк аренада атаандаштык көрсөтө ала турган команда түптөлгөнүн айтты.
Sputnik
Эркин күрөштүн деңгээли өсүп, жаштар арасында спортко болгон мамиле өзгөрдү. Бул тууралуу Руслан Маджинов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2000-жылдардын башында машыктыруучу, спортчулардын көбү башка тармактарга кетип, эркин күрөштө кризис жаралган.
"Улуттук курама командага 2012-жылдын аягында келип, башкы машыктыруучу катары команданы мелдештерге даярдоону баштаганбыз. Учурда чоң эмгектин, мээнеттин натыйжасында акырындык менен балбандардын ийгиликтерин көрүп жатабыз. Бул жетишкендиктер жалпы машыктыруучулар тобунун жана спортчулардын аракетинин натыйжасында келди. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк деңгээлде жыйынтык көрсөтө турчу команданы түзүп алдык. Эркин күрөштө атаандаштык абдан чоң болгондуктан ага өзгөчө көңүл буруу кажет. Азыр жаш спортчулардын саны көбөйүп калды. 2000-жылдардын башында эркин күрөштө машыктыруучулардын башка тармактарга кетиши менен да абал оор болуп калган. Федерация чет өлкөдөн балбандарды алып келген. Легионерлер аркылуу да бул спортту сактап калдык десек болот. Алардын тажрыйбасын колдонуп, мелдештерде ийгилик жарата алдык", — деди Маджинов.
Ошондой эле адис 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына азыртадан кызуу даярдык көрүп, медаль алууга аракет жумшаларын кошумчалады.