"Тазалыктын" унаа коюп кеткен дагы бир кызматкери көз жумду

Тилекке каршы, бул үстүбүздөгү айдагы биринчи окуя эмес. 12-декабрь күнү "Тазалыктын" башка кызматкери жол кырсыгынан каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бүгүн, 18-декабрь күнү, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын дагы бир кызматкерин автоунаа койдуруп кетти. Бул тууралуу Sputnik редакциясына Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы саат 1.20лар чамасында катталган.
"Тазалык" кызматкерин Honda CR-V үлгүсүндөгү автоунаа кагып алды. Жабырлануучу көз жумду", — деди Айтикул уулу.
Муниципалдык ишканадан маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.
Тилекке каршы, бул үстүбүздөгү айдагы биринчи окуя эмес. 12-декабрь күнү "Тазалыктын" башка кызматкери жол кырсыгынан каза болгон.
"Тазалык" кызматкеринин өлүмү: маркумдун жакындарына компенсация төлөнөт
Таласта жол кырсыгынан 14 жаштагы балдар каза болду. Талкаланган унаанын сүрөтү