Жапаров менен Ташиев футбол ойногону чыкты. Машыгуу учурунан видео

Кабарчы жиберген видеодон мамлекет башчы жана УКМК төрагасы оюндун алдында машыгып жатканын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров башында турган президенттин администрациясынын командасы кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышууда.
Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган. Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө экени белгиленет.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жиберген видеодон президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев оюндун алдында машыгып жатканын көрүүгө болот.
Беттештерге президенттин администрациясынын, ата мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрү, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат. Ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрү дагы бар.
Садыр Жапаров: Бишкекте 30 миң орундуу футбол стадионун салуу пландалууда