Көлдө май куюу жайынан каракталган 1000 сом: үчүнчү шектүү кармалды

14-декабрга караган түнү Саруу айылында белгисиз үч адам ок атуучу курал менен коркутуп, май куюучу жайын карактаган. Алардын экөө кармалып, бири качып жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдө ок атуучу курал менен май куюучу жайдан акча карактады делген үчүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 14-декабрга караган түнү Саруу айылында белгисиз үч адам ок атуучу курал менен коркутуп, май куюучу жайын карактаган. Көп өтпөй шектүү катары 28 жана 16 жаштагы эки жаран кармалган. Факты райондук милициянын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Издөө иштеринин жыйынтыгында Жети-Өгүз райондук милициясы үчүнчү шектүү, Дархан айылынын 26 жаштагы А.А. аттуу тургуну кайсы жакта жашынып жүргөнүн аныктаган. 16-декабрь күнү ал Бишкектен кармалып, Жети-Өгүз райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле ал каракчылык жана кол салуу беренелери боюнча райондук милиция тарабынан мурдатан бери изделип жатканы кошумчаланды.
ИИМдин Ички аскерлеринин финкызмат жетекчиси 34 млн. сом жеген деп кармалды