Ысык-Көлдөн балык уулоого баргандардын сөөгү табылды

Кечээ күнү Кажы-Сай айылынын эки тургуну дайынсыз болуп жатканы боюнча маалымат түшкөн. Алар көлгө балык уулоо үчүн барган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Ысык-Көлгө балык уулоого барган кишилер каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, 16-декабрда саат 14:30да Кажы-Сай айылынын тургундары, 73 жаштагы М. Ю. М. жана 56 жаштагы А.А. балык уулоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы боюнча кабар түшкөн.
Бүгүн 33 куткаруучу, жети водолаз, РИИБдин 17 кызматкери жана 33 жергиликтүү тургун издөө ишине тартылган. Анын жүрүшүндө жарандардын сөөгү суудан табылган. Куткаруучулар маркумдардын сөөгүн милицияга өткөрүп берген.
Бишкекке жакын жерде кафе өрттөнүп, эки киши көз жумду