Японияда клиникадан өрт чыгып 24 адам каза болду

Сегиз кабаттуу имараттын төртүнчү кабатында жайгашкан терапевттик жана психологиялык жардам клиникасынан өрт чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Япониянын Осака шаарындагы клиника өрттөнүп, 24 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости NHK телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен 28 адам (17 эркек, 11 аял) жаракат алып, анын 27си өтө оор абалда жатат.
Бүгүн эртең менен Осака калаасынын чок ортосунда сегиз кабаттуу имараттын төртүнчү кабатында жайгашкан терапевттик жана психологиялык жардам клиникасынан өрт чыккан. Жеринде 34 өрт өчүрүү жана 70 Тез жардам бригадасы иштеп, тилсиз жоону токтоткон. Полиция атайлап өрт коюлушу мүмкүн деген шек менен ишти тергеп жатат. Окуянын күбөлөрү карыган кишинин кагаз баштыгынан тамчылап аккан суюктуктан өрт тутанганын айтышкан.
Сургутта устакана жарылып, үч кыргызстандык жаракат алды
Бишкекке жакын жерде кафе өрттөнүп, эки киши көз жумду