Изилдөө "Спутник V" вакцинасы "омикрон" штаммынан сактай аларын көрсөттү

Окумуштуунун айтымында, "Спутник V" вакцинасын сайдыруу жана алты айдан кийин ревакцинациядан өтүү "омикрон" штаммынан толугу менен коргой алат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек — Sputnik. Россиянын Гамалея атындагы борбору "Спутник V" вакцинасынын коронавирустун жаңы "омикрон" штаммынан коргой турганын аныктоо үчүн болжолдуу изилдөөлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Спутник V" жаңы "омикрон" штаммынын курчушуна тоскоол боло алчу касиетин көрсөттү. Вакцина вирус жуктургандардын абалын оорлоштурбай сактайт деп күтүлүп жатат", — деп билдирген Россиянын түз инвестициялар фонду.
Мындан сырткары, Гамалея борборунун директору Александр Гинцбургдун айтымында, "Спутник V" вакцинасын сайдыруу жана алты айдан кийин ревакцинациядан өтүү "омикрон" штаммынан толугу менен коргойт.
2021-жылдын 20-ноябрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Адистер аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен "омикрон" деп атады.
Учурда аталган штаммдын ондогон мамлекетке жайылып кеткени белгилүү болду. Бул штамм азырынча Кыргызстандан чыга элек.
ДССУ: "омикрон" эки аптага жетпей дүйнөгө жайылып кетиши мүмкүн