Салыктан карызы барлардын айып пулун кечүү мөөнөтү узартылды

Мындай кампания салык төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтырууга жана колдоого багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн реструктуризациялоо мөөнөтү дагы бир жылга узартылды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Ага ылайык, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда жеңилдик берилет.
Тагыраак айтканда, кийинки жылдын 1-июлуна чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар толугу менен жоюлат. Ал эми 2022-жылдын 31-декабрына чейин төлөсө айып пулунун 50 пайызы кыскартылат. Реструктуризация 2020-жылдын 1-июлуна чейинки карыздарга тиешелүү.
Жаңы жылдан кийин патент жоюлуп, 90 миң ишкер киреше салыгынан бошотулат
Былтыр пандемиядан улам ушундай эле норма быйылкы жылга да киргизилген. Салык кызматы мындай кампания салык төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтырууга жана колдоого жардам берерин билдирди.
Карыздарды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу зарыл. Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.
Салык 100 млрд. сомго көп жыйналат. Республикалык бюджеттин 2022-жылга планы