"Өмүр өтөр": Димаштын жаңы клиби чыкты. Видео

Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген жаңы клибин "Өмір өтер" деп атап, анда өмүр, өлүм, бакыт жана түбөлүктүүлүк туурасында ырдаган. Клип "Астана Опера" театрында тартылган.
Sputnik
Атактуу ырчынын жаңы чыгармасын "Хабар" телеканалы өзүнүн YouTube каналына жүктөгөн. Ырдын музыкасын Ренат Гайсин, текстин Талант Аргингали жазган. Бул ырда ал адамзатына өмүрдү текке кетирбей, өтөлгөлүү жашаганга чакырган. Чыгарма биринчи ирет DIMASH DIGITAL SHOW онлайн-концертинде аткарылган. Анда Димаш жашоонун таттуу экенин айтат. Сюжетте бул сезимдерди ырчы өзү аркылуу өткөрөт да, режиссёрлор аягында анын картайган учурун элестетип көрсөтүшкөн.
Клипке Анна Обоянская режиссёрлук кылган жана масштабдуу декорация талап кылынган эмес. Аны Нур-Султан шаарындагы "Астана Опера" театрынан тартышкан. Видеодон ичи эң сонун жасалгаланган театрдын ээн залын, анда жалгыздап отурган каармандарды көрүүгө болот. Клипке эки жашар бөбөктөн тарта кесипкөй актёрлорго чейин тартылган.
Чыгарманын соңунда ырды коштогон кыл кыяктын үнү кошумча түс берип, анын таасирдүүлүгүн, уккулуктуулугун арттырган.
Димаш 27 жашка толду. Ырчынын бала чагындагы архивдик кадрлары