Кыргызстан менен Казакстан соода-логистикалык борбор курууга киришти

Министрлер эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча конкреттүү маселелерди чечүүнү талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен жолугуп, Индустриалдык соода-логистикалык борборун курууну талкуулады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Амангелдиев казакстандык кесиптешине эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча конкреттүү маселелерди чечүү жана талкуулоо үчүн кыргыз тараптын чакыруусун кабыл алып, майрам күнүнө карабай келгенине ыраазычылык билдирген. Аны менен катар Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктаган.
"Тараптар Индустриалдык соода-логистикалык борборун куруу долбоорун талкуулады. Ошондой эле аны куруу пландалып жаткан жер менен таанышты", — деп айтылат маалыматта.
Казакстандын соода жана интеграция министринин келиши министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 7-8-декабрдагы Нур-Султанга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы менен уюштурулган.
Чек ара өткөрүү жайлары ачылабы? Кыргыз-казак өкмөт башчылары жолукту
Россия Кыргызстандын үч бажы пунктун модернизациялоого жардам берет