Беттештерге президенттин администрациясынын, ата мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрү, бизнес-коомчулуктун жана маданият ишмерлеринин командалары катышты. Ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрү дагы ойноду.
Мелдеш эки баскыч менен өткөрүлдү. Болжолдуу этабында ар бир команда экиден оюн өткөрүп, андан кийин финалга өткөн командалар беттешти.
Президенттик администрациянын командасынын капитаны Садыр Жапаров өзү болду. Турнирдин жыйынтыгында ал тогуз гол киргизгени үчүн "мыкты чабуулчу" аталган.
Биринчи орунду маданият кызматкерлери жеңип кетсе, экинчиге ардагер футболчулар татыган, үчүнчүнү болсо президенттин администрациясы алган.
Мындан сырткары, "мыкты футболчу" наамына ардагер оюнчу Каныбек Сейталиев татыса, "мыкты дарбазачы" наамы актер Камчы Сарыбаевге берилди.
Белгилей кетсек, ЖМК өкүлдөрүнүн командасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кызматкерлери да ойноду.
Турнирдин байге фонду 1 миллион сомду түздү. Бул каражат жеңүүчүлөрдүн чечими менен Токмоктогу балдар үйүнө берилмей болгон.
Президент жеңүүчүлөрдү куттуктап жатып мындай турнирлер май жана декабрь айларында өткөрүлүп турарын айтты.