БУУ Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылды "Эл аралык тоо жылы" деп жарыялайт

Резолюцияда уюмга мүчө өлкөлөргө, БУУ системасындагы уюмдарга, башка эл аралык уюмдар менен кызыкдар тараптарга Тоолордун эл аралык жылын татыктуу деңгээлде өткөрүү сунушталган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды "Тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
1 / 2

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды "Тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялады

2 / 2

Тийиштүү резолюция 16-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-пленардык сессиясында кабыл алынган

Тийиштүү резолюция 16-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-пленардык сессиясында кабыл алынган. Маалыматка караганда, резолюциянын долбоорун караар алдында кыргыз тарапка сөз берилген.
"Кыргызстандын дипмиссиясы Нью-Йорктогу жогорку трибунадан 2022-жылды тоо жылы деп жарыялоо демилгесин 2021-жылдын сентябрь айында өткөн БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясында өлкө президенти Садыр Жапаров көтөргөнүн белгилешти. Демилге 2002-жылы Бишкекте өткөн биринчи тоо саммитинин 20 жылдыгына карата сунушталган", — деп айтылат маалыматта.
Резолюцияда уюмга мүчө өлкөлөргө, БУУ системасындагы уюмдарга, башка эл аралык уюмдар менен кызыкдар тараптарга, жарандык коомчулукка, жеке сектор менен илимий-билим берүү тармактарына Тоолордун эл аралык жылын татыктуу деңгээлде өткөрүү сунушталат. Иш-чаранын негизги максаты — тоолорду өнүктүрүүнүн маанилүү экенин коомчулукка жеткирүү жана тоо экосистемасын сактоо.
Жапаров 2022-жылды эл аралык тоо жылы деп жарыялоону демилгеледи