Каракол лыжа базасында асма жолдун тетири айланган видеосу. Милиция үн катты

Маалыматка караганда, социалдык тармактарга видео тараган соң жерине Ак-Суу райондук милициясынын кызматкерлери барган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы Каракол лыжа базасында асма жол тескери, артка айланып жаткан видео интернетке тарады. Мындай окуя чын эле болгонун Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты.
Кадрлардан асма жол артка айланганда чогулган эс алуучулар отургучтан секирип түшүп, жерде тургандар аларга жардам берип жатканын көрүүгө болот.
Маалыматка караганда, социалдык тармактарга видео тараган соң жерине Ак-Суу райондук милициясынын кызматкерлери барган.

"Абал менен таанышкан соң биздин кызматкерлер берген алдын ала маалыматтарга караганда, трансформатордун ичинде мүчүлүштүк болуп, асма жол тетири айланып калыптыр. Жабырлануучулардын жок экени айтылды", — дешти милициянын маалымат кызматынан.

Мындай окуя болгонун Каракол тоо лыжа базасынын администрациясы тастыктап, учурда асма жолдун иши жөнгө салынганын жана жабыркагандар жок экенин айтышты.