Түйүлдүк боордо өсүп калган. Канадада дарыгерди таң калтырган окуя

Дарыгер жатындан сырткары бойго бүткөндө адатта түйүлдүк ич көңдөйүндө өсүп каларын, бирок боордон биринчи жолу көрүп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Канададагы Манитоба университетинин алдындагы изилдөө институтунун дарыгери Майкл Нарви жатындан тыш бойго бүтүп калган учурдагы өзгөчө окуя тууралуу айтып бергенин РИА Новости жазды.
33 жаштагы дарыгердин билдиргенине караганда, түйүлдүк боордо өсүп баштаган. Ал иш тажрыйбасында мындай учурга биринчи жолу туш келгенин белгилеген.

"Мен ушул кезге чейин көп эле нерсени көрдүм деп жүрүпмүн", — деген бейтаптын УЗИ жыйынтыгын карап чыккан Нарви.

Адистин TikTok баракчасындагы видеону 48 миңден ашык киши бөлүшүп, 600 миңге жакын катталуучу "жакты" белгисин басып, 26 миңден ашуун адам комментарий калтырган.
Бейтаптын ким экени белгисиз, дарыгер операция жолу менен аялдын эки айлык түйүлдүгүн боорунан алып салган.
Адис адатта жатындан сырткары бойго бүткөндө түйүлдүк ич көңдөйүндө өсүп каларын кошумчалаган.
Англия: кош бойлуу экендигин билбей жүрө берген медайым көз жарды