Кыргызстандык ишкерлер ЕЭК төрагасына жүк ташуудагы көйгөйлөрүн айтышты

Фитосанитардык күбөлүктөр жана лабораториялык протоколдордун Россия менен Казакстанда таанылбай жатканы орчундуу маселеге айланганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын бизнес-коомчулугу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелери тууралуу айтышты. Бул туурасында Агроөнөр жай комплекси ассоциациясы билдирди.
Ассоциациянын аткаруучу директору Рустам Балтабаев ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн чек араларындагы текшерүүлөр көйгөй жаратып жатканын белгилеген. Ошондой эле ал ЕЭК коллегиясы жүк ташуучу транспорттор үчүн чек арада коюлуп жаткан кошумча талаптарга көңүл бурушун суранган.
"Кыргыз жүк ташуучулары транспорттун ичине бир адам өтө турган жол калтырууга аргасыз болууда. Мындай талап ишканаларды логистика үчүн кошумча чыгымга кептейт. Себеби транспорттун ичине бош орун калтырганда азыраак жүк батып калат", — деп айткан Балтабаев.
Мындан сырткары, кыргызстандык ишканалардын фитосанитардык күбөлүктөрүн жана лабораториялык изилдөөнүн протоколдорунун Россия менен Казакстандын чек араларында таанылбай жатканы орчундуу маселеге айланганы белгиленген. Мунун айынан аталган документтерди барган жеринен дагы алууга туура келип жатат.
"Дагы бир маанилүү маселе, ЕАЭБдин мейкиндигиндеги товар катары тышкы экономикалык ишмердүүлүк товардык номенклатуранын жаңы коддору киргизилбей жатканында болууда. Буга мисал катары чегиртке унун айтсак болот. Буга чейин чегиртке унуна товардык код коюуну сураганбыз", — деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Жогорку евразиялык экономикалык кеңешине төрага болгонуна байланыштуу ЕЭК жетекчилиги Бишкекке иш сапары менен 16-декабрда келген.
Ишкер Ибраев: ЕАЭБдеги бизнес үчүн тоскоолдуктарды ачык диалог гана чече алат