Ишкер Ибраев: ЕАЭБдеги бизнес үчүн тоскоолдуктарды ачык диалог гана чече алат

Бишкекте Кыргызстандын ишкерлик чөйрөсү ЕЭК төрагасы Михаил Мясникович менен жолугуп, жергиликтүү ишкерлер туш болуп жаткан тоскоолдуктар тууралуу сөз болду.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бизнес түзүмдөрүнүн ачык диалогу жана ЕЭК гана көйгөйлөрдү чече алат. Бул тууралуу Кыргызстандын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун төрагасы Данил Ибраев билдирди.
Бишкекте Кыргызстандын ишкерлик чөйрөсү менен ЕЭК төрагасы Михаил Мясникович жолугушту. Бизнес-ассоциацияларынын жетекчилери кыргызстандык ишкерлер туш болуп жаткан тоскоолдуктар тууралуу кеп кылышты.
Экспортчулар менен импортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова Кыргызстан ЕАЭБдин курамына киргенине жети жыл болгону менен салмактуу оюнчу боло албаганын айтты.
Экспортчулар менен импортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова
"Менимче, мындай кырдаалдын түзүлүшүнө тиешелүү лабораториялардын жоктугу сыяктуу бир катар көйгөйлөр себеп болду окшойт", — деди Ниязбекова.
Ал эми Михаил Мясникович биримдикте тең ата атаандаштык болушун каалай турганын билдирди.
Бизнес-ассоциацияларынын жетекчилери кыргызстандык ишкерлер туш болуп жаткан тоскоолдуктар тууралуу кеп кылышты
"Айрым ишкерлер таза иштебей жатканы сыр эмес. Үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарларды айрым ишкерлер өзүнүкү катары каттата коюп, ЕАЭБдеги өнөктөштөрүнө жөнөтүп жатат. Бул товарлар канчалык коопсуз экенин билбейбиз. Ошондуктан бардык маселелерди чечишибиз керек. Ошол эле учурда таза иштеп жаткан ишкерлер жабыр тартпашы зарыл", — деди Мясникович.
Ал эми Ибраев ишкерлер менен ЕЭКтин дайыма байланышта болуп, диалог түзүп турганы бизнестеги көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берерин айтат.
"Дал ошол себептен бүгүн минтип бейрасмий форматта сүйлөшүп жатабыз. Мындан тышкары, биз талкуулай турган маселелер тизмесин ЕЭК төрагасына бердик", — деди ал.
Ошондой эле Ибраев кыргызстандык ишкерлердин көйгөйлөрү чечилет деп үмүттөнөрүн кошумчалады.