Радио

Малдыбаев: Бишкек бюджетинин 60%га чукулу соцблокко жумшалат

Бишкек шаардык мэриясынын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев борбор калаанын бюджети быйыл 10,2 миллиард сомду түзгөнүн маалымдады.
Sputnik
Келе жаткан жылы борбор калаанын бюджетин 300 миллион сомго көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Адилет Малдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылга карата бюджет жана 2023-2024-жылга карата божомол шаардык кеңешке киргизилген.

"Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылга бюджети 10,2 миллиард сом. Бюджет кодексинин талаптарына ылайык, борбор калаанын бюджети балансталган. Башкача айтканда, кирешеге жараша чыгаша түзүлүп, дефицит болбойт. Финансы министрлиги тарабынан коюлган планга ылайык, 2022-жылы борбор калаанын бюджетин 10,5 миллиард сомго жеткирүү мерчемделип, өсүш 300 миллион сомду түзмөкчү. Негизинен борбор калаанын бюджетинин 60 пайызга жакыны соцблокко жумшалат. Анткени борбор калаада мектеп жана мектепке чейинки билим берүү тармагы жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Башка аймактарда бул тармакка республикалык бюджеттен каржы бөлүнөт. Мына ошондуктан мэрияда капиталдык салымдарга каражат тартыш болуп калууда. Бул маселе чечилсе, борбор калаанын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүндүк жаралмак. Ошондой эле бюджеттин чыгашасын оптималдаштыруу иши дайыма жүргүзүлүп келет", — деди Малдыбаев.

Ал быйыл жаңы жылга карата көрктөндүрүү иштерине 7 миллион сом бөлүнгөнүн кошумчалады.