Жомок дүйнө! Бишкектеги балатынын оту жангандагы сүрөттөр

Бүгүн Бишкек шаарындагы Жаңы жылга карата орнотулган башкы балатынын оту жанып, аянтка жүздөгөн киши келди. Sputnik Кыргызстан агенттигинин майрамдык маанай тартуулаган сүрөттөрүн көрүңүз.
Sputnik
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, калаа башчысы Айбек Жунушалиев сөз сүйлөдү.
Мэрия башкы балаты менен "Ала-Тоо" аянтын кооздоого жалпы жонунан 5,7 миллион сом сарптаган. Балатынын бийиктиги 25 метр, ага 1 400 оюнчук тагылды.
"Бишкек — 2022" жаңы жылдык символикасын белгилүү дизайнер Нурбек Насыранбеков жана анын командасы иштеп чыккан.
1 / 12

Бишкекте Жаңы жылга карата орнотулган башкы балатынын оту жанды

2 / 12

Бул шаңды көрүү үчүн аянтка толо эл келди

3 / 12

Балатынын бийиктиги 25 метр, ага 1 400 оюнчук тагылды

4 / 12

Калаа мэриясы башкы балаты менен "Ала-Тоо" аянтын кооздоого жалпы жонунан 5,7 миллион сом сарптаган

5 / 12

Жаңы жылды Аяз атасыз элестетүү мүмкүн эмес

6 / 12

Шаардыктардын кубанганын жүзүндөгү жылмаюу айтып турат

7 / 12

Иш-чарада калаа башчысы Айбек Жунушалиев сөз сүйлөдү

8 / 12

"Бишкек — 2022" жаңы жылдык символикасын белгилүү дизайнер Нурбек Насыранбеков жана анын командасы иштеп чыккан

9 / 12

Майрамдын көркүн ачкан бийчилер

10 / 12

Белгилүү эстрада ырчысы Нурлан Насип да шаардыктарды шаңга бөлөдү

11 / 12

Иш-чарага жаш-кары дебей келишти. Шаардыктардын коопсуздугун милиция кызматкерлери камсыздап жатты.

12 / 12

Мындайды жомоктон же кинодогу сыйкырчылардын заманынан көрсөк керек