Мухаммад, Умар, Салиха... Быйыл төрөлгөн наристелерге эң көп коюлган ысымдар

Акыркы 5-6 жылдан бери популярдуу болуп келе жаткан Умар жана Раяна ысымдары бул жылы азыраак коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. 2021-жылы Кыргызстанда жарык дүйнөгө келген ымыркайларга коюлган аттардын сап башында Мухаммад жана Салиха турат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Топ-10 имен детей за 2021 год в Кыргызстане
Эркек балдардын арасында эң көп коюлган ысымдардын алдыңкы ондугунда Мухаммаддан (4 537 бала) тышкары, Умар (4 132), Али (2 632), Амир (2 164), Билал (2 129), Алихан (2 112), Алинур (2 063), Нурислам (1 910), Эмир (1 681) жана Усман (1 481) аттары бар.
Ал эми кыздарга көбүнчө Салиха (3 107), Раяна (2 864), Амина (2 6 04), Фатима (2 436), Айлин (2 383), Алия (2 040), Хадича (1 864), Аруузат (1 928), Сафия (1 968) жана Арууке (1 928) ысымдары ыйгарылган.
Акыркы 5-6 жылдан бери популярдуу болуп келе жаткан Умар жана Раяна ысымдары бул жылы азыраак коюлду.
Таанышканда кайталап сурашат. Олимпиада аттуу кыргызстандыктар менен маек