500 миң гектарга чукул жайыт кунарсыз экени аныкталды. Алардын категориясы өзгөртүлүп, жарандарга өздөштүрүү үчүн берүү сунушталууда. Бул тууралуу Жаныбек Керималиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жайытты ижарага берет деген туура эмес, анткени ага мыйзам жол бербейт.
"Өлкөдө 478-480 миң гектар асылдуулугу төмөн жайыт бар. Аларда суу жетишсиз, кыртышы, жердин түшүмдүүлүгү начар. Коомчулукта жайыттарды ижарага берет деген туура эмес кеп айтылууда. Буга мыйзам жол бербейт. Ошондуктан кунарсыз жайттардын категориясы айыл чарба жерине которулат. Анан аны өздөштүрүү үчүн 5 жылдан 20 жылга чейин ижарага берүү сунушталууда. Ал жерлерге ишкерлер суу жеткирип, мисалы, мөмө-жемиш бактарын өстүрсө болот. Белгилүү убактан кийин ал жер мамлекеттик фонддун карамагына өткөрүп берилет. Демилгеде сынакка катышкан жарандар алган жерди өздөштүрүп, иштеткенге шарт түзүү үчүн убакыт берилүүдө. Ошондой эле жерди ижарага алгандан кийин эч нерсе жасабаса үч жылдан кийин кайтарып алуу каралган. Бул жерди кайра ижарага берүү же сатууга мүмкүн эмес. Натыйжада жердин асылдуулугу артат деген ишеним бар", — деди Керималиев.
Ошондой эле ал жерлерди ижарага берүүдө ошол аймактын тургундарына артыкчылык бериле турганын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: