УКМК сот системасындагы коррупциядан канча миллион өндүргөнүн жарыялады

Коррупцияга Жогорку соттун жетекчилигинин, Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин, "Адилет сот" мамлекеттик мекемесинин, коммерциялык уюмдардын жана аларга өнөктөш адамдардын тиешеси бар экендиги такталганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Сот системасындагы көптөгөн коррупциялык схемалар аныкталып, келтирилген материалдык чыгым өлкөгө толугу менен кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Коопсуздук органдарына сот системасын санариптештирүү жана өнүктүрүүдө коррупциялык жана системалуу ири өлчөмдөгү уурдоо фактылары боюнча маалымат түшкөн. Анын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, анын жүрүшүндө сот тутумунун кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери тастыкталган.
"Тергөө учурунда 18 миллион 988 миң 553 сом материалдык чыгым аныкталып, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында мамлекетке толугу менен кайтарылды", — деп айтылат маалыматта.
Коррупцияга Жогорку соттун жетекчилигинин, Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин, "Адилет сот" мамлекеттик мекемесинин, коммерциялык уюмдардын жана аларга өнөктөш адамдардын тиешеси бар экендиги такталганы белгиленди.
"Жогорудагы адамдардын тобу "Жергиликтүү сот", "Кыргыз Республикасынын сот системасынын карызкорлорунун реестри", "Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин электрондук статистика жана сот органдарынын отчеттуулук системасын" иштеп чыгууда келишимдерди алдын ала сүйлөшүп алуу менен жасалмалап, бюджеттик каражатты өздөрүнө ыйгарып алышкан", — дешти УКМКдан.
Мындан тышкары, сот отурумдарын аудио-видеого жазуу, автоматташтыруу жана аларды жаздыруу үчүн аппараттык-программалык комплексти сатып алуу процесси да коррупцияга дуушар болгону белгиленди.
Бишкекте мыйзамсыз жер саткан деп прокурор кармалды