Акылбек Жапаров Кара-Суудагы ири базардын директорун жумуштан алды

Базардын директорун алмаштырууну Акылбек Жапаровго Маммүлктүн жетекчиси Мирлан Бакиров сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кара-Суу шаарындагы "Туратали базары" мамлекеттик ишканасынын директору алмашты. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган базар өлкөдөгү ири соода-сатык жайларынын бири, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагында. Директор Манас Үсөновду кызматтан алууну Маммүлктүн жетекчиси Мирлан Бакиров сунуштаганы айтылды.
Сунуштаманы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жактырып, жумуштан бошотуу тууралуу чечимге кол койгон. Анын дагы бир чечими менен базардын директорлугуна Тынчтыкбек Батыркулов дайындалды.