Сургутта устакана жарылып, үч кыргызстандык жаракат алды

Жарылуу болгон устаканада иштегендер автоунааларга газ жабдууларын орнотуу жана тейлөө кызматын көрсөтүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Ханты-Мансийск автономдуу округундагы Сургут шаарында техникалык тейлөөчү станцияда газ баллон жарылып, үч кыргызстандык жаракат алды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган аймактын 30 лет Победы көчөсүндө кечээ, 15-декабрда, болжол менен саат 18:00дө газ баллондун жарылуусунан 10 адам жабыркаган. Анын ичинен үчөө Кыргызстандын жарандары: 42 жаштагы Э.Ж.И., 40 жаштагы К.Б.Х., 31 жаштагы Х.Э.К. болуп чыккан. Учурда баарынын абалы орточо деп бааланууда. Алар Сургут шаардык күйүк борборуна жаткырылган.
"Жарылуу болгон устаканада автоунааларга газ жабдууларын орнотуу жана тейлөө кызматын көрсөтүшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, газ баллондон авариялык жылчыкча пайда болгон. Жарылуунун кесепетинен имараттын чатыры урап түшкөн", — деп билдирди ТИМ.
Аталган маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Сургут шаарындагы канцеляриясынын көзөмөлүндө турганы айтылды.
Москвада кыргызстандык таксистке ок атылды. Окуя видеого түшүп калган