Видео Россиянын Коргоо министрлигинин YouTube каналына жайгаштырылган.
Кадрлар Челябинск аймагындагы болгон машыгуулар учурунда тартылганы айтылды. Анда асмандан Борбордук аскер округунун авиация полкунун пилотторунун чеберчилигин көрүүгө болот.
Чалгынчы учак Су-24МР менен легендага айланган Су-34 истребитель-бомбалагычтын тумшук жагынан өзүнө күйүүчү майды миңдеген бийиктикте кетип баратканда кантип куюп алып жатканын көрүүгө болот.
"Учкучтар экиден жана жалгыздап 7 миң метр бийиктикте күйүүчү майды куюп алышты. Өтө татаал деген бул элемент саатына 600-500 чакырым ылдамдык менен кетип бара жатканда жасалат. Танкер менен истребителдин ортосундагы аралык 10 метр болушу шарт", — деп айтылган маалыматта.
Албетте, саатына 600 чакырым менен жүрүп баратканда эбегейсиз чоң учак менен 10 метрлик аралыкты кармоо учкучтардан абдан чоң чеберчиликти талап кылат.
Маалыматта аларды май менен асмандан Ил-78 учагы камсыздаганы айтылган.