Садыр Жапаров ЕЭК төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды. Сүрөт

Кыргызстандын Жогорку евразиялык экономикалык кеңешине төрага болгонуна байланыштуу ЕЭК жетекчилиги Бишкекке иш сапары менен келди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Жогорку евразиялык экономикалык кеңешине төрага болгонуна байланыштуу ЕЭК жетекчилиги Бишкекке иш сапары менен келген.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды

2 / 3

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Жогорку евразиялык экономикалык кеңешине төрага болгонуна байланыштуу ЕЭК жетекчилиги Бишкекке иш сапары менен келген.

3 / 3

Ал Кыргызстан 2022-жылы ЕАЭБге төрага болгон учурда комиссиянын бардык сунуштарын карап жана талдап чыгууга даяр экенин билдирди.

"Бүгүн биздин алдыбызда пандемияга чейинки өсүү ыргагына кайтуу жана экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу тапшырмасы турат. Бул өңүттөн алганда биз биримдиктин интеграциялык дараметин жана ар бир мүчө-мамлекеттин атаандаштыктагы артыкчылыктарын толук кандуу пайдаланышыбыз керек", — деди Жапаров.
Ал Кыргызстан 2022-жылы ЕАЭБге төрага болгон учурда комиссиянын бардык сунуштарын карап жана талдап чыгууга даяр экенин билдирди.
Президент кийинки жылды инвестициялык жана кооперациялык кызматташтыкты чыңдоого, транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө, жаңы рынокторго чыгуу менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө арноо керектигин айтты.
Өз кезегинде Мясникович комиссиянын негизги тапшырмалары тууралуу маалымат берди.
ЕЭК төрагасы үстүбүздөгү жылдын 11 айында өлкөнү өнүктүрүүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасына көңүл буруп, ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара соодасынын жакшы көрсөткүчтөрүн белгилеген.
Садыр Жапаров: ЕАЭБде улуттук валюталар көбүрөөк колдонулушу керек