Айгүл Жапарова Оргалчаны тааныбайт. Президенттин маалымат катчысынын жообу

Токтобүбү Оргалчанын эми Жанар Акаевдин ордуна депутат болуп келе турганы аныкталды. Социалдык тармактын бир катар колдонуучулары Оргалча менен биринчи айымдын тааныштыгын айтышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Биринчи айым Айгүл Жапарова Токтобүбү Оргалча менен эч качан тааныш болгон эмес. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратты.
Буга чейин "Альянс" партиясынан шайлоодо ЖКга өткөн Жанар Акаевдин ордуна гендердик квота боюнча башка талапкер Токтобүбү Оргалчанын келе турганы маалым болгон.
Акаевдин айтымына караганда, БШКнын мүчөлөрүнө басым жасалып, алар башка талапкерди парламентке өткөрүү боюнча чечим кабыл алышкан. Социалдык тармактын бир катар колдонуучулары Токтобүбү Оргалча менен биринчи айым Айгүл Жапарованын тааныштыгын айтышууда.
Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бул маселени саясатташтырбоого чакырды.

"БШКнын конституциялык мыйзамга ылайык, гендердик квотаны камсыздоо боюнча кабыл алган процедуралык чечимдерин саясатташтыруунун, анын үстүнө, чайкоочулук кылуунун кереги жок", — деген ал.

Анын айтымында, биринчи айым Айгүл Жапарованын Токтобүбү Оргалча менен эч кандай байланышы жок жана аны менен эч качан тааныш болгон эмес.
Кайсы партиядан канча аялга депутаттык мандат берилет? Тизме