Өзгөн күрүчүнүн сыры. Жыйналгандан тарта дасторконго чейинки жолу видеодо

Атактуу өзгөн күрүчү Кыргызстандын түштүгүндө тонналап өстүрүлөт. Биз бул күрөң күрүч ширин аш болуп дасторконго коюлганга чейин кандай жолду басып өтөрүн жана эмнеси менен баалуу экенин билүү үчүн Өзгөн шаарына барып келдик.
Sputnik
Өзгөндүн Жазы айылында шалы талаасы, тагыраагы, күрүч аянттары арбын. Күрүч суу чылк жаткан жерлерде өстүрүлөт, аны жергиликтүүлөр "пал" деп коюшат. Күрүч өстүрүү жазында башталып, жайлата каралып, күзгө жуук жыйналат.
Айыл чарба илимдеринин доктору Элтар Смаиловдун айтымында, стандарт күрүчтө белок 6 пайыз болсо, өзгөн күрүчүндө 10 пайыздан ашат. Өзгөндө өскөн күрүчтүн дагы бир айырмачылыгы бар. Ал жактагы шалы аянттары минералдарга бай Кара-Шоро, Кара-Кулжа жана Жазы дарыясынын сууларын ичет.
Быйыл 2021-жылы Өзгөн районуна 3 000 гектардан ашуун жерге күрүч айдалган. Күрүчтүн базар баасынын бир килограммы адаттагыдай эле 130-160 сом экени айтылды.
Тема боюнча:
Миллиондоп пайда көрүшөт. Өзгөндү баккан азыктын таржымалы