39 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза тапты. COVID статистикасы

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 184 094кө жетти. Анын ичинен 179 166 адам дартты жеңип, 2 777си көз жумду.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Өткөн суткада 39 киши коронавирус жугузуп, 43 бейтап сакайып кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Жугузгандар:
1.
Бишкек шаары – 18;
2.
Ош шаары – 1;
3.
Чүй облусу – 9;
4.
Ош облусу – 2;
5.
Талас облусу – 2;
6.
Ысык-Көл облусу – 3;
7.
Жалал-Абад облусу – 3;
8.
Баткен облусу – 1.
Айыгып чыккандар ооругандарга караганда көбүрөөк, акыркы 24 саат ичинде 43 киши сакайды.
Тилекке каршы, оорудан эки киши каза болду, экөө тең Бишкек шаарынын тургундары экени айтылды. Ушуну менен вирустан көз жумгандардын саны өлкө боюнча 2 777 болду.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 184 094кө жетти. Анын ичинен 179 166 адам дартты жеңген.
Азыркы тапта өлкө боюнча 664 бейтаптын коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Алардын 313ү ооруканада болсо, 351 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.
Байсалов: январдын ортосунда "омикрон" штаммынын келишин күтүп жатабыз