Бүгүн Көчмөндөр оюндарын Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОго киргизүү каралат

Өлкө атынан маданият министри баяндама жасайт. Андан соң ЮНЕСКО комиссиясы чечим кабыл алары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын демилгечи катары ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүнү сунуштайт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты" номинациясында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизүү каралат.
Кыргызстандын атынан маданият министри Азамат Жаманкулов онлайн-баяндама жасайт. Андан соң ЮНЕСКО комиссиясы чечим кабыл алары күтүлүүдө.
Иш-чара Улуттук тарых музейинде саат 15:30-16:10 аралыгында өтөт.
ЮНЕСКО Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча резолюциясын кабыл алды