Радио

Алыбаев: IT-адистигин 20 жашка чейинки курактагы жаштар көп окуйт

IT Academy адиси Азиз Алыбаев программалоону үч айда интенсивдүү түрдө өздөштүрүү кыйын экендигин айтты.
Sputnik
IT-адистигин 20 жашка чейинки курактагы жаштар көп окуп жатышат. Бул тууралуу Азиз Алыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адам өзүнүн жөндөмүнө байланыштуу программалоонун тилин туура тандап, болжол менен бир жылда өздөштүрсө болот.
"Учурда IT-адистигин өздөштүргүсү келген жаштар көбөйдү. Маркетингдик ыкмаларга байланыштуу көбү программалоону окугусу келип жатат. Бирок аны өздөштүрүү жеңил эместигин түшүнбөгөндөр арбын. Көп убакытты, практиканы талап кылгандыктан кээ бири окууну таштап салышат. Бүгүнкү күндө IT-адистикти окууга 20 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр кызыгып, курстарга жазылып жатышат. Анткени анын мүмкүнчүлүгү чындыгында абдан жогору. Түрдүү мектептер кыска мөөнөттө программалоону үйрөтүүгө кепилдик берип, интенсивдүү ыкма аркылуу билим бергени менен маалыматты кабыл алып, практика жүзүндө да иштөөгө убакыт бөлүү зарыл. Антпесе жыйынтыгы начар болот. Биз муну изилдеп, болжол менен тогуз айда үйрөнүү мүмкүн экендигин аныктадык", — деди Алыбаев.
Ошондой эле адис кыргызстандык програмисттер дүйнөлүк компаниялардан иш таап, ири долбоорлорду ишке ашырууга катышып жатышканын кошумчалады.