Радио

Керимбаев: ислам принциптери боюнча ипотека бардык кардарларга сунушталат

Өлкөдөгү банктардын биринин Ислам каржылоо борборунун жетекчиси Талант Керимбаев Мамлекеттик ипотекалык компания ишке ашырып жаткан ислам принциптери менен берилүүчү ипотекалык кредиттин шартын түшүндүрдү.
Sputnik
Ислам принциптери менен берилүүчү ипотекалык кредит Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй Орто Азияда жаңылык болуп жатат. Өлкөдө бул эрежелер менен насыя берүүнү Мамлекеттик ипотекалык компания учурда биздин банк аркылуу бере баштады. Бул тууралуу Талант Керимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып айтты.
Анын айтымында, кредит ислам принциптерин карманганына карабай толук түрдө мыйзамдын чегинде иш алып барат.
"Ислам принциптери менен берилүүчү ипотекалык насыя азырынча биздин банк аркылуу ишке ашууда. Мамлекеттик ипотекалык компания менен декабрь айынын башында макулдашууга келип, ишти баштадык. Алгачкы кардарларыбыз бар. Башка ипотекалык кредиттерден айырмасы — бул жерде мүлктү кардар өзү таап, тандаганы менен аны сатып алуудагы юридикалык иштердин баарын банк өз мойнуна алат. Башкача айтканда, турак жайдын документтеринин канчалык түрдө мыйзамдуу экенин биздин юристтер текшерип чыгып, анан гана сатып алынат. Банктын балансына өткөн үйдү кардарга каттап беребиз, бирок ошол эле турак жай күрөө катары коюлат. Кардар насыяны төлөп бүтмөйүн ал үйдү сата албайт, бирок өзү жашай берет. Мындан сырткары, долбоор ислам принциптери деп аталганы менен 21 жашка чыккан, жалпы иш стажы эки жылдан кем эмес болгон бардык кыргызстандыктарга жеткиликтүү. Тактап айтканда, кардардын динине карабайт. Ал атеист болсо да бизге ипотекалык кредит алууга арыз бере алат", — деди Керимбаев.
Ал аталган долбоор учурда Бишкек шаарында гана иштеп баштаганын кошумчалады.