ИИМдин Ички аскерлеринин финкызмат жетекчиси 34 млн. сом жеген деп кармалды

Прокуратуранын маалыматына караганда, ИИМдин Ички аскерлериндеги 34 миллион сом жалган фирмалардын эсебине которулуп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстандын ИИМ Ички аскерлеринин финансы кызматынын жетекчиси 34 миллион сомдун уурдалышы боюнча иштин алкагында кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
Буга чейин прокурордук текшерүү Ички аскерлер түзүмүндө 33 миллион 946 миң сом жалган фирмалардын эсебине которулуп кеткенин аныктаган. Каражат азык-түлүккө жана жеке курамдын кийим-кечесине багытталган болчу.
"Шектүү 15-декабрда каражатты уурдоо боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал учурда Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайында", — деди прокуратурадан.
Бул факты боюнча кылмыш иши беш берене боюнча козголду:
337 ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу");
209 ("Алдамчылык");
210 ("Ишенип берилген ири өлчөмдөгү каражатты ээлеп алуу же коротуу");
346 ("Кызматтык жасалмалык");
348 ("Шалаакылык").
Белгилей кетсек, Ички аскерлердин финансы кызматын Талант Жоробеков жетектеп келген.
УКМК сот системасындагы коррупциядан канча миллион өндүргөнүн жарыялады