Эмомали Рахмон кызы Рухшонаны Улуу Британияга элчи кылып дайындады

Рахмондун башка балдары дагы жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалап жүрөт. 43 жаштагы кызы Озода бир нече жылдан бери президенттик администрацияны жетектеп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Улуу Британия жана Түндүк Ирландия мамлекеттерине кызы Рухшона Эмомалини элчи кылып дайындады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматына шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттиги билдирди.
"Рухшона Эмомали бир топ жылдардан бери ТИМ системасында иштеп, Улуу Британиядагы элчиликте дагы эмгектенгени белгилүү. Ошондой эле ал министрликтин Эл аралык уюмдар боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары катары иштээри айтылып жүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Улуу Британия менен Түндүк Ирландиядагы элчилик кызматты 2018-жылдан бери Масуд Халифазаде аркалап келген.
Баса, Рахмондун башка балдары дагы жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрөт. 43 жаштагы кызы Озода бир нече жылдан бери президенттик администрацияны жетектейт.
Ал эми 33 жаштагы уулу Рустам Эмомали 2017-жылдын 4-апрелинде Душанбе шаарынын мэри жана Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы болуп шайланган. Ага чейин бир катар ведомстволордо иштеп, 2013-жылы мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болгон. Эки жылдан кийин Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигине башчы болуп дайындалган. Атасынын колунан II даражадагы "Алтын таажы" төш белгиси менен сыйланганы маалым.
Өлкөсүндө демократия жетишсиз! Талибдер Эмомали Рахмонду сынга алды