Мурунга себилчү спрейлер эмнеси менен кооптуу экенин дарыгер айтты

Адис мурунга арналган спрейлерге адам көнүп аларын, аны таштоо үчүн эрк керек экенин айтты. Мындай препараттар жүрөк-кан тамыр ооруларын да күчөтүп жибериши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Суук тийгенде мурунга себилчү спрейлердин кооптуу да жактары бар экенин "Известия" сайты El Confidencial басылмасына шилтеме кылып жазды.
Жергиликтүү дарыгер Кристиан Кальвонун айтымында, мурунга арналган спрейлерге адам көнүп калышы мүмкүн жана бул ден соолукка терс таасирин тийгизет.
"Препарат алгачкы күндөрү жакшы жардам берип, дем алуу жеңилдеп, мурун ачылат. Бирок кийин мурун көңдөйүнүн былжыр чели кайра шишип баштайт. Ошондуктан дарыны кайра чачыш керек болот", — деген дарыгер.
Спрейди ашыкча колдонуу кан басымды көтөрүп, жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын күчөтүп, жадагалса инсультка чейин алып келиши мүмкүндүгү эскертилди.
Дарыгер спрейди пайдаланууну токтотуу үчүн адамдын эрки да керек экенин кошумчалаган.
Сасык тумоодон арылуунун үч ыкмасы айтылды. Дарыгердин кеңеши