Пресс-борбор

ТЭЦ шаар бийлигине берилгени жатат. Мэриянын иштетүүгө каражаты барбы?

Жай айында министрлер кабинетинин башчысынын орун басары ТЭЦ келерки жылы Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүлөрүн кулак кагыш кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясынын казынасында Жылуулук электр борборун (ЖЭБ, ТЭЦ) иштетүүгө каражат жок. Бул туурасында мэриянын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев билдирди.
Мэриянын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык пресс-борборунда өткөн "Бишкек мэриясынын бюджетин үнөмдөө жана инвестициялык долбоорлор" аталышындагы брифингде сүйлөдү.
Журналисттер шаардык бийлик өкүлүнөн ТЭЦти мэриянын карамагына өткөрүү иштери кайсы этапта экенин сурашкан. Жай айында министрлер кабинетинин башчысынын ошо кездеги орун басары Акылбек Жапаров ЖЭБ келерки жылы Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүлөрүн кулак кагыш кылган. Бишкек Жылуулук электр борбору учурда "Электр станциялары" ишканасына карайт.
Малдыбаевдин айтымында, министрлер кабинетинин антикризистик планында чынында эле ЖЭБди Бишкекке өткөрүү пункту бар, бирок бул маселе ар тараптуу каралып жаткан чагы.

"Баарыңыздар билгендей, мамлекеттик, муниципалдык менчикти өткөрүп берүү жергиликтүү бийлик органдарынын, тактап айтканда, Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен ишке ашырылат. Башкача айтканда, бул маселени шаардык кеңеш менен биргеликте чечиш керек. Белгилей кетсек, Бишкектин жылдык бюджети 10 миллиард сомго жакын болсо, ЖЭБди тейлөөгө 5,5 миллиарддай каражат керектелет. ЖЭБди иштетүүгө жергиликтүү бюджетте каражат жок", — деген мэриянын бөлүм башчысы.

Октябрь айында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаар бийлиги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ, ТЭЦ) өз балансына алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айткан.
Акыркы төрт айда өлкөдө жарым миллион тонна көмүр казылды. Салыштыруу
Азыр Бишкектин абасы кандай жана булгануунун деңгээлин кайдан билсе болот