Радио

Жумадилов: билим берүүдө адамдын инсан катары өнүгүшүнө көңүл буруу керек

"Салымбеков университети" институтунун президенти Амангелди Жумадилов азыркы учурда бардык жаштар IT-технологияларды өздөштүрүшү зарыл экендигин айтты.
Sputnik
Билим берүүдө алгач адамдын инсан катары өнүгүшүнө көңүл буруу кажет. Анткени окуу жайды артыкчылык менен бүтүрүп, жашоодо ордун таба албагандар көп. Мындай пикирин Амангелди Жумадилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыркы жаштар мамлекеттин көмөгүн күтпөй, билим алууга өзү умтулуп, дүйнөдөгү жаңы тенденциялардан артта калбашы керек.
"Кыргызстанда илимге көңүл буруп, өз эмгегин калтырам деген жаштар көп. Тилекке каршы, алардын жасаган эмгектерине мамлекет тарабынан да, ишкерлер тарабынан да талап жок. Мындан тышкары, акыркы жылдары билим тармагында көп жаштар менен бирге иштеп, атайын акысыз окуу программаларын түздүк. Мындан улам бул тармак боюнча бир жыйынтыкка келдим. Билим берүүдө алгач адамдын инсан катары өнүгүшүнө көңүл буруу керек. Адам инсан катары өнүксө, кайсы гана тармакта болбосун ордун таба алат. Бир кесиптин ээси болуп чыгып, жакшы окуганы менен максатын аныктай албаган, жашоодо багытын, ордун таба албагандар бар. Демек, буга басым жасаганыбыз оң болот. Учурда ар бир кесиптин ээси IT сабаттуулукту жогорулатышы керек", — деди Жумадилов.
Ошондой эле адис бүгүнкү муун эң аз дегенде үч тилде эркин сүйлөп, баарлаша билиши керектигин кошумчалады.