Баткенде чек ара чырында талкаланган 7 соцобъект курулуп, оңдолуп бүттү

Баткен жана Лейлек райондорунда сегиз объектинин курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары май айында башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Баткен облусунун чек ара аймагында тажик тараптын кол салуусунан жабыр тарткан жети социалдык объектинин курулушу жана капиталдык ремонту аяктады. Бул туурасында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен жана Лейлек райондорунда сегиз объектинин курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары май айында башталган.
"Республикалык бюджеттин эсебинен 309,8 миллион сом бөлүнүп сентябрь айында эки мектеп жана ФАП оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга тапшырылган. Мындан сырткары, бүгүнкү күндө 775 орунга ылайыкталган үч мектептин окуу корпустары бүтүп, окуучуларды кабыл алууга толук даяр. Аны менен катар 140 орундуу бала бакча салынды. Ал эми спорт залдары жыл соңуна чейин бүткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми 100 орундуу бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат. Учурда имараттын ички жана сырткы жасалгалоосу, жайкы беседкалары жасалууда.
Чек ара чырында көз жумгандардын үй-бүлөсүнө берилчү үйлөр дээрлик курулуп бүттү