ЖК өкүлдөрүн Франция парламентинен стажировкадан өткөрүү макулдашылды

Тараптар 2022-жылы эки өлкөнүн депутаттарынын ортосунда иш сапарларды уюштуруу ниетин билдирип, тастыкташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Франциянын Улуттук ассамблеясынын депутаты, "Франция – Борбордук Азия" достук тобунун төрайымы Натали Серр менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, тараптар кыргыз-француз мамилелеринин активдешүүсүн канааттануу менен белгилешкен. Ошону менен бирге, 2022-жылы эки өлкөнүн депутаттарынын ортосунда иш сапарларды уюштуруу ниетин билдирип, тастыкташкан.
Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү үчүн Франция парламентинде стажировкадан өтүүнү жана таанышуу сапарларын уюштуруу макулдашылган. Аны менен катар Кыргызстан менен Франциянын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландалууда.
Садыр Жапаровдун Италияга иш сапары пландалууда