Жалал-Абад облусунун жаңы символикалык атрибуттары тандалды. Сүрөт

Президенттин облустагы өкүлчүлүгү төрт ай бою сынак жүргүзүп, 15 ишти карап чыккан. Жеңүүчүлөргө 50 миң сомдон берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун жаңы символикалык атрибуттары тандалды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Сынактын материалдары каралган атайын комиссиянын жыйынына облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков, тиешелүү тармактын кызматкерлери жана аксакалдар катышкан.
Символикалык атрибуттарда облустун негизги өзгөчөлүктөрү камтылган.
"Гербдин ортосунда Жалал-Абаддын аркасы, айланасына облус өлкөдө энергетиканын борбору катары сүрөттөлүп, мунай өндүрүү, айыл чарба, жаңгак токою, Саймалуу-Ташта түшүрүлгөн байыркы сүрөт элементтери чагылдырылган. Ал эми туу көк түстө болуп, сол тарабында улуттук оюу-чийме, ортосунда алтын түстөгү учуп бара жаткан шумкар жана күндүн 12 шооласы түшүрүлгөн. Бул облустун он эки район-шаарын билдирет. Гимнде да аймактын баалуулуктары даңазаланган", — деп жазылган маалыматта.
Өкүлчүлүк облустун символикалык атрибуттарын жаңыдан түзүү боюнча сынакты төрт ай бою жүргүзүп, келип түшкөн 15 ишти карап чыккан. Сынак алгач жайында эле жарыяланып, бирок сунуштар комиссия мүчөлөрүнүн купулуна толбогондуктан кайрадан конкурс өткөн.
Кыргызстанда "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" түзүлдү. Максаты
Жеңүүчүлөргө жалпы 200 миң сом (тууга, гербге, ураандын текстине, ураандын музыкасына 50 миң сомдон) акча тапшырылмакчы.
Облустун символикалык атрибуттары алгач 1997-жылдары кабыл алынган. Кийин алардын айрымдары саясий партиялардын эн белгилерине окшоп калгандыктан нааразычылыктар жаралып, колдонулбай калган.