Радио

Давлетов: ЕАЭБдин техрегламенти өлкө ичинде да сакталышы керек

Тамак-аш коопсуздугу боюнча көз карандысыз эксперт Алмаз Давлетов аталган багыттагы ЕАЭБ кабыл алган техникалык регламент өлкө ичинде сатылуучу товарларга да тиешелүү экенин айтты.
Sputnik
Евразия экономикалык биримдиги кабыл алган тамак-аш жаатындагы техникалык регламент 2017-жылдан тарта иштеп баштады. Учурда уюмга мүчө бардык өлкөлөр импортто да, экспортто да, ал тургай мамлекетинин ичинде да бирдиктүү эрежени сактоого милдеттүү. Бул тууралуу Алмаз Давлетов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып айтты.
Анын айтымында, аталган эрежелер жаңы кирген учурда өндүрүшчүлөр кыйналган, бирок учурда абал жөнгө салынып калды.
"ЕАЭБ алкагында тамак-аш коопсуздугу боюнча бирдиктүү эрежелер, тактап айтканда, техникалык регламент кабыл алынган. Уюмга мүчө беш өлкө тең аны сактоого милдеттендирилет. Бул бир эле экспорттоодо же импорттоодо эске алынуучу талаптар эмес. Өндүрүлгөн продукция өлкө ичинде сатыкка чыкса да ушул техникалык регламентте көрсөтүлгөн талаптарга жооп бериши шарт. Аталган эрежелердин негизги максаты — тамак-аш коопсуздугун сактоо, аны сатып алган кардарлардын ден соолугуна зыян алып келбөө. Алгач өндүрүшчүлөр жаңы талаптарга көнө албай кыйналган. Бирок азыркы учурда анча-мынча майда ишканаларды кошпогондо дээрлик баарында эле абал жөнгө салынып калды", — деди Давлетов.
Ал техникалык регламенттерди сактоо менен иштеген өндүрүшчүлөр аталган талаптар боюнча сунуштары болсо өлкөнүн Айыл чарба министрлигине билдире аларын кошумчалады.