Садыр Жапаров Тарых музейине Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн белекке берди

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Тарых музейине чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нускасын өткөрүп берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров Тарых музейине чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нускасын өткөрүп берди

2 / 5

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды

3 / 5

Мындан тышкары, президент музейге “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшырды

4 / 5

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда туулган. Ал кыргыздын мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргыз АССРнин Элдик комиссарлар кеңешинин биринчи төрагасы болгон

5 / 5

1924-жылы анын жетекчилигинде азыркы Кыргызстандын чек аралары биротоло аныкталган. Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган инсандардын бири.

Мамлекет башчы үстүбүздөгү жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды.

“XX кылымдагы жалпы улуттук тагдырыбыздын ары кызыктуу, ары драмалуу барактарын чагылдырган эң маанилүү саясий документтердин бири болуп саналган бул кол жазманы бүгүндөн тарта мамлекеттик өзгөчө коргоодогу улуттук таберик деп жарыялаймын”, — деди ал.

Мындан тышкары, президент музейге “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшырды.
Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда туулган. Ал кыргыздын мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин биринчи төрагасы болгон. 1924-жылы анын жетекчилигинде азыркы Кыргызстандын чек аралары биротоло аныкталган. Жусуп Абдрахманов — кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган инсандардын бири.
Жапаров: Кыргызстанда бүтүндөй билим берүү системасы реформаланат