Ошто мыйзамсыз курулган 800 үйгө документ берүү иштери башталды. Сүрөт

Учурда 300 турак жайга техникалык изилдөө жүргүзүлдү. Калган үйлөрдө да мобилдик топтор иш алып барууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгында мыйзамсыз курулган 800 үйгө техникалык паспорт берүү башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгында мыйзамсыз курулган 800 үйгө техникалык паспорт берүү башталды

2 / 3

Бүгүн калаа башчысы Алмаз Мамбетов Жапалактын Мээркан айылындагы үйлөрдүн техникалык паспортун тапшырды

3 / 3

Шаар башчы элдин башка көйгөйлөрүн дагы угуп, анда Мээркан айылына коомдук транспорттордун каттамын көбөйтүү, таза суу маселелери көтөрүлгөн.

Бүгүн калаа башчысы Алмаз Мамбетов Жапалактын Мээркан айылындагы үйлөрдүн техникалык паспортун тапшырды.
"Кезинде мыйзамсыз курулган үйлөргө ээлери документ ала албай келишкен. Өлкө башчынын документ берүү демилгесинен соң мэр Мамбетов Оштогу бул көйгөйдү чечүү боюнча тапшырма койгон. Ага ылайык, Жапалактагы 13 айылда 800гө жакын үй мыйзамсыз курулганы маалым болгон. Анын ичинен 300 турак жайга техникалык изилдөө жүргүзүлдү. Учурда калган үйлөрдө да мобилдик топтор иш алып барууда", — деп айтылат маалыматта.
Шаар башчы элдин башка көйгөйлөрүн дагы угуп, анда Мээркан айылына коомдук транспорттордун каттамын көбөйтүү, таза суу маселелери көтөрүлгөн.
Бишкек, Ош шаарларын башкаргыңыз келеби? Резервге кирүү үчүн сынак жарыяланды