Радио

Акматбеков: 16-декабрда II эл аралык эмгек онлайн жарманкеси өтөт

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков 18-декабрь мигранттардын эл аралык күнүнө карата онлайн эмгек жарманкеси өтөрүн айтты.
Sputnik
Буга чейин 2021-жылдын сентябрында өткөн биринчи онлайн-жарманкенин жыйынтыгында 182 жумуш издөөчү чет өлкөдөн (Сауд Аравиясына – 45, БАЭ – 60, РФтин Эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча комитети аркылуу Санкт-Петербургга – 77 адам) коопсуз жумуш орундарын таба алышты. Бул тууралуу Кубандык Акматбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 106 жеке агенттик, 20 мамлекетке жумушка орноштурат.

"Онлайн жарманке мыйзамдуу жана коопсуз миграциялык каналдар аркылуу кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу, эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо, иш берүүчүлөргө өздөрүнүн бош орундарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү жана потенциалдуу жумушчуларга жумуш таап берүү максатын көздөйт. Иш-чарага https://www.migrant.kg сайтында көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу катышса болот. Мында РФ, Түркия, БАЭ, Катар, Германия, Сауд Аравиясы, Польша, Литва, Словакия жана башка мамлекеттерге ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин жана чет өлкөлүк иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү учурдагы бош жумуш орундары боюнча маалыматтар менен бөлүшүп, жарандардын суроолоруна жооп беришет. Мындан тышкары, маалымат консультациялык борбордун өкүлдөрү ишке орноштуруунун тартиби жана шарты тууралуу айтып беришет", — деди Акматбеков.

Ал кыргызстандыктар өздөрүн Россиянын кара тизмесинде бар-жогун (учурда 75 миңден ашык адам кара тизмеде) жана жумуш менен камсыз кылуучу агенттиктер тууралуу кененирээк маалыматты migrant.kg сайтынан карап алса болорун кошумчалады.
Жарманке 16-декабрь күнү саат 11:00дөн 13:30га чейин өтөт.