Казакстанда Назарбаевдин портрети түшүрүлгөн монеталар чыкты

TÁÝELSIZ QAZAQSTANǴA 30 JYL деп аталган тыйындардын дизайны 1993-жылы чыккан алгачкы сериядагы монеталарга окшош. Анда Казакстандын айтылуу тарыхый инсандарынын портрети түшүрүлгөн. Бул ирет алардын катарын Нурсултан Назарбаев толуктады.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Казакстандын Улуттук банкы биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин портрети тартылган коллекциялык монеталарды чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Казакстандын Улуттук банкы биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин портрети тартылган коллекциялык монеталарды чыгарды
Маалыматка караганда, TÁÝELSIZ QAZAQSTANǴA 30 JYL деп аталган тыйындардын дизайны 1993-жылы чыккан алгачкы сериядагы монеталарга окшош. Анда Казакстандын айтылуу тарыхый инсандарынын портрети түшүрүлгөн. Бул ирет алардын катарына өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев дагы кошулду.
Маалыматка караганда, TÁÝELSIZ QAZAQSTANǴA 30 JYL деп аталган тыйындардын дизайны 1993-жылы чыккан алгачкы сериядагы монеталарга окшош
Арткы бетине Казакстандын картасы, туусу, оймо-чийме жана эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын расмий логотиби түшүрүлгөн.
Анда Казакстандын айтылуу тарыхый инсандарынын портрети түшүрүлгөн
Коллекциялык монеталар Казакстанда жасалды.
Назарбаевдин такка отуруп, өлкө аталышын өзгөрткөн учуру. Тарыхый видео