Кыргыз футболуна 100 жыл. Президенттик администрация достук беттешүүгө чыгат

Турнирде президенттик администрациянын, футбол ардагерлери, ЖМК, спорттук уюмдар, бизнес чөйрөсүнүн жана маданият ишмерлеринин командалары ойнойт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкекте президенттик администрация, ЖМК өкүлдөрү катышкан кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук мелдеши өткөрүлөт. Бул тууралуу өлкөнүн Футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.
Турнирге президенттик администрациядан, улуттук футболдун ардагерлеринен, жалпыга маалымдоо каражаттарынан, спорттук уюмдардан, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн жана маданият ишмерлеринен турган командалар катышат.
"Достук мелдеш Кыргызстанда футболдун пайда болушунун 100 жылдыгына карата Кыргыз футболдук союзунун демилгеси менен уюштурулууда. Ал өлкөдө спортту өнүктүрүүнү жана сергек жашоо образын жайылтууну максат кылат", — деп айтылат билдирүүдө.
Турнир Бишкектин Арча-Бешик конушундагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда 17-декабрда (жума күнү) өтөт.
Кыргызстандын мыкты футболчусу аныкталды. KFU Football Awards жыйынтыгы