COVID инфекциясын 28 адам жуктуруп, эки бейтап көз жумду

Каза тапкандар Бишкек шаарынан катталды, алар эмдөөдөн өткөн эмес. Пандемия жалпысынан 2 775 кишинин өмүрүн алды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада коронавирус инфекциясы 28 адамдан аныкталып, эки киши көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Оору жуктургандар:
Бишкек — 13;
Чүй — 4;
Ош облусу — 1;
Ысык-Көл — 2;
Жалал-Абад — 6;
Баткен — 2.
Каза тапкандар Бишкек шаарынан катталды, алар эмдөөдөн өткөн эмес. Пандемия жалпысынан 2 775 кишинин өмүрүн алган.
Өткөн суткада 43 бейтап айыгып, сакайгандар баш-аягы 179 123кө жетти.
Стационарда 317 бейтап жатат, амбулатордук түрдө 354 киши дарыланууда. Ооруканадагылардын 145и оор жана 20сы өтө оор абалда болууда.
Байсалов: январдын ортосунда "омикрон" штаммынын келишин күтүп жатабыз