БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. 2022-жылдын үчүнчү кварталында Бишкекте таштандыны иреттөөчү завод курулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифинг учурунда калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов айтты.
"Бишкек мэриясы таштандыны жер алдына чогултуу жана сактоо боюнча пилоттук долбоор баштаган. Тагыраагы, таштанды челектер жердин алдында болот, жыты чыкпайт. Жакынкы арада дагы бир долбоорду ишке ашырабыз. Келерки жылдын үчүнчү кварталында таштанды иреттөөчү завод даяр болуп калат", — деди Сазыкулов.
Анын айтымында, инвестор үчүн таштандынын "баалуу фракциялары" сакталып калганы маанилүү. Бул долбоордун өзүн тезирээк акташына жардам берет.
"Баалуу фракциялар — бул кагаз менен желим. Мисалы, майдаланган желимдин бир килограммы 80-90 сом турат. Элестетсеңер, эмне деген баа? Биз күнүнө таштанды полигонуна 100 тоннадай желим чыгарабыз", — деди вице-мэр.
Сөзүнүн соңунда ал таштандыны жер алдына чогултуу идеясы министрлер кабинетине жакканын айтты. Келерки жылдан баштап бункерлер шаардын аймагына толугу менен орнотулат.