Пресс-борбор

Вице-мэр: Бишкектеги имараттардын фасадын бирдей түскө сырдоо пландалууда

Сазыкуловдун айтымында, алгач башкы көчөлөрдөгү биринчи линияда жайгашкан имараттарды, андан соң короонун ичиндеги үйлөрдүн тышын сырдоо пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкектеги имараттардын фасадын Алматы менен Ташкенттегидей кылып бир түскө келтирүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингде вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.
"Тилекке каршы, буга чейин системасыз, башаламан курулуш иштерине жол берилген. Ал өз учурунда желдин согушуна жана ыштын пайда болушуна таасирин тийгизди. Август айынан тарта шаардын архитектуралык көрүнүшүнүн концепциясын түзүү боюнча чоң иш башталды. "Бишкек башкы архитектура" түзгөн долбоор эми талкууланат. Биз Бишкектин тышкы көрүнүшүн бирдей форматка алып келебиз. Бир ай мурда мэриянын чечими менен калаанын борбордук бөлүгүндөгү башаламан илинген баннерлер алынган", — деди ал.
Сазыкуловдун айтымында, алгач башкы көчөлөрдөгү биринчи линияда жайгашкан имараттарды, андан соң короонун ичиндеги үйлөрдүн тышын сырдоо пландалууда.
Вице-мэр Максатбек Сазыкулов
"Мисалы, биздин коңшулар, Алматы жана Ташкент сыяктуу ири шаарлар ушундай форматка өтүп жатат. Алар бардык имараттардын фасадын бирдей түскө сырдоодо. Биз дагы ушул процессти баштайбыз. Учурда архитектуралык тышкы көрүнүштүн концепциясын күтүп жатабыз. Даяр болсо эле баштайбыз", — деди вице-мэр.
Ал буга чейин борбор калаада таштанды иргөөчү завод куруларын дагы айткан.