Жүздөп саналат. АКШ эң көп согушкан учактарынан арылууда

Sputnik
Истребитель, учкучсуз, чалгындоочу жана май куюучу учактар... 2022-жылы Кошмо Штаттардын Аскер-аба күчтөрү 160тай аскердик машинасын жарактан чыгарат.
Пентагон бул кадам менен заманга бап үлгүлөрдү жакшыртууга каражат арттырууга ниеттенет. Америкалыктар сарамжалдоого аргасыз, анткени авиациялык паркынын абалы көңүл жубатарлык эмес. Дал кайсы учактар металлга айланары тууралуу Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Чабуулчуларды сактоо ниетинде

Дүйнөдөгү аскердик учактардын эң көбү Кошмо Штаттарда. Аскер-аба күчтөрүндө эле 5 800дөй борт бар. Бул армаданы кармап туруу дайым Пентагондун башын оорутуп келет. Машиналардын көпчүлүгү 30 жылдан ашуун кызмат өтөп келип, учурда короодо жөн гана орун ээлеп, оңдоо үчүн каражат талап кылат. Маңызында техникалык персонал да пайдасы тийбеген учактарды тейлөөгө аргасыз.
АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн командачылыгы конгрессти эскилиги жеткен техниканы жарактан чыгарууга уруксат берүүнү улам өтүнүп келгени белгилүү. Бирок тырышкан мыйзамчылар муну оор кабылдоодо.
Качантан бери эле аскерлер 280 сокку уруучу A-10 Thunderbolt II аппаратынан арылууну самашат, бирок буга уруксат ала алышпайт. Үнгө чейинки бул чабуулчулар менен аскердик тармак 1977-жылы куралданган. Андан бери алар көптөгөн куралдуу жаңжалдарда согушуп, жөө күчтөргө колдоо көрсөтүүдө ынанымдуу каражат катары ишенимге кирген. Бирок эң жаңысына эле 35 жылдай болуп калды, алардын милдеттерин акыркы үлгүдөгүлөр да аткара алат. Айтор, конгрессмендер Аскер-аба күчтөрү келтирген жүйөлөрдү туура таап, 2022-жылы 160тын тегерегиндеги учакты керектөөдөн чыгарат. Анын ичинде 48 F-15C/DEagle — бул жалпы парктын 20 пайызы, ошондой эле 47 даана F-16C/D Fighting Falcon жеңил учагы да бар. Көпчүлүгү "Чөлдөгү бороонго" катышкан истребителдердин ордун F-35 жана F-15EX басат.
Алаңгазарлыкка алдырып... Согушту көксөгөндөр барбы?

Дрондор азаят

Аскер-аба күчтөрүнүн курамынан дагы төрт аскердик башкаруу жана бута көрсөткүч E-8 JSTARS да чыгарылат. Булар салыштырмалуу жаңыраак, алар куралданууга 1996-жылы алынган. Бирок бул аппараттарды пайдалануу чыгымы асман чапчыйт. Алардын ордун кайсы учактар толуктаары түшүнүксүз, себеби учуучу жаңы штабды иштеп чыгуу 2019-жылы токтотулган.
Стратегиялык чалгындоочу учкучсуздар флоту көп жоготууларга тушугары анык.
29 RQ-4 Global Hawk Block-30 аппаратынын 20 бирдиги керектөөдөн чыгарылат. Аталган учкучсуздар оператордон 22 миң чакырым аралыкта 18 миң метр бийиктикте 30 саат бою күзөтүп жана чалгындоо жүргүзө алат. Айтмакчы, алар Крымдагы россиялык чек араларга жана Донбасстагы чектешкен чийиндерге байма-бай учурулат.
Америкалыктар 2000-жылдардан бери дүйнөнүн булуң-бурчунда RQ-4төрдү колдонуп келишет. Дрондор бузулат, аларды тейлөө да өтө эле кымбат. Алардан көрө учкуч тескеген U-2 чалгындоочу учагын тапшырмага жөнөтүү кыйла арзанга түшөт.
Global Hawk функциялары "көзгө чалдыкпас" RQ-170 Sentinel учкучсуздарына берилиши мүмкүн.
Баш-аягы 32 даана KC-135 Stratotanker жана KC-10 Extender да темирге айлантылат. Бул май куюучу учактардын орточо "курагы" — 52 жыл. 1981-жылы пайдаланууга алынган "Экстендерлер" дагы керекке жарап жатканы менен 1954–1965-жылдар аралыгында чыгарылган "Стратотанкерлердин" жоон тобу эбак эле ишке жарабай калган. Анткен менен алардын ордун толтуруу да кыйын. Эң соңку KC-46 танкеринин да мүчүлүштүктөрү жайнайт. Аларды жоюуга 55 миллион доллар сарпталат. Азырынча Пентагон болочок май куюучу учактар менен армияны жабдууну кеминде эле 2024-жылга чейин жылдырганы маалым.
Тизмени 13 аскердик-транспорттук C-130H Hercules жыйынтыктайт. Алардын бешөөнүн ордун жаңы кыймылдаткыч жана авионикалуу заманга бап C-130J Super Hercules ээлейт.
АКШ Аскер-аба күчтөрүндө дагы ушундай машинадан 279 бирдик калат. 1954-жылдан тарта бул машиналардын ар кыл модификациясы пайдаланылып келди. Дүйнөдө эң кеңири тараган аскердик транспортчу учактардан.

Техникалык көйгөйлөр

Учактарды жапырт жарактан чыгаруу — америкалык авиациянын техникалык абалынын начарлашынын түздөн-түз кесепети. Кошмо Штаттардын Аскер-аба күчтөрүнүн авиапаркы, Аскер-деңиз күчтөрү, Деңиз пехотасы жана Кургактары аскердик күчтөрүнүн инспекцияларынын негизиндеги Эсеп палатасынын былтыркы отчетунда машиналардын бир даары учмак тургай талпына албай турганы ачыкталган.
Тийиштүү жоболорго ылайык, учуучу аппараттардын кеминде эле 80 пайызы каалаган убакта учууга даяр болушу шарт. 2011-жылдан 2019-жылга дейре инспекторлор учак жана тик учактардын 46 түрүн текшерип чыгып, үч гана үлгүдөгү аппараттар талапка аздыр-көптүр жооп берерин аныкташкан.
24 түрүнүн авиапаркы тогуз жыл ичинде бир дагы жолу техникалык даярдыктын 80 пайыздык чегине жете алган эмес. Эсеп палатасы абал өтө кооптуу деген тыянак чыгарган.
Мындай мүнөздөмө F-16 истребителдерине да, V-22 Osprey конверт-пландарына да, E-2 Hawkeye палубалык чалгындоочуларына жана башкаларга да тиешелүү. 11 типтеги учактардын согушка даярдыгы 55 пайыздан ашкан эмес. Техникалардын ремонтуна байланыштуу көйгөйлөрдүн көбү жабдыктардын кескин тартыштыгынан улам жаралат. Атап айтканда, F/A-18E/F Super Hornet жана EA-18G Growler палубалык аппараттарына тетиктер чыгарылбай калган, аларды өндүргөн ишканалардын рыноктон кеткенине бир топ болгон.
B-1 Lancer стратегиялык бомбалоочуларынын тагдыры баарынан оор. Былтыр Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасынын орун басары генерал Жон Хайтен 62 бирдиктен алтоо гана согушка жарай турганын кабарлаган. Негизинен Жакынкы Чыгышта, өздөрүнө ылайык келбеген климаттык шарттардагы В-1 учуштарынын саны миңдеп саналат. Натыйжада аталган машиналар абдан эскирип кетти. Пентагон бомбалоочу учактарынын көйгөйү көп 17 бирдигин катардан чыгарары жакында эле айтылды.
Балтика өлкөлөрү АКШнын өзөктүк ракеталарын жайгаштырууга даярбы? Сереп